super.kg logo

"Крокустагы" теракттын уюштуруучулары бири-бири менен кантип байланышканы айтылды

 

"Крокус Сити Холл" концерт залында болгон терактка шектелгендер жана алардын жардамчылары өз ара сүйлөшүү үчүн атайын сленг жана псевдонимдерди колдонушкан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги иштин материалдарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, террористтик уюмдун мүчөлөрү бири-биринин чыныгы ысымдарын билишкен эмес, алар бирге кылмыш жасаган адамдар менен жашыруун ысымдар аркылуу гана байланышта болушкан.

Өткөн жумада жарыяланган маалыматка караганда, терактты уюштургандардын бири Шамсидин Фаридуни терактка чейин эки жума мурда залга байкоо жүргүзүп кеткен. Ал 2024-жылдын 7-мартында италиялык ырчы Алессандро Сафинанын концертине катышып, залдын ички түзүлүшүн, чыгуу жолдорун жана канча адам батарын изилдеген.

Эскерте кетсек, “Крокус Сити Холл” концерт залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, куралчан адамдар имаратка кирип, элге ок атышкан жана өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Кол салуудан көп өтпөй бир нече шектүү кармалган, ал эми айрым шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: