Чүйдө эки жарандын мушташы тартылган видео тарады
Социалдык тармактарда эки жарандын мушташы тартылган видео тарады. Анда алардын ортосунда жаңжал чыгып, бирөөсү белгисиз буюм менен экинчисинин башына сокку жасаганы көрүнөт.
Чүй облустук милициясы аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Учурда текшерүү иштери башталып, милиция кызматкерлери окуянын бардык катышуучуларын жана жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында өлкө мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечим кабыл алынат",- дешти милициядан.
06.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:25
2025-08-06

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.