Иранда аномалдуу ысыкка байланыштуу мамлекеттик мекемелер жабылды
Кечээ, 5-августта Иран бийлиги мамлекеттик телеканал аркылуу билдирүү жасап, 6-августта Тегеранда жана өлкөнүн 31 провинциясынын 15инде мамлекеттик мекемелер менен банктар убактылуу жабыларын жарыялады. Буга ысык аба ырайы, сугат жана суу менен камсыздоо көйгөйлөрү, ошондой эле энергия тутумуна болгон жогорку жүктөм себеп болгонун Deutsche Welle кабарлады.
Ошол эле учурда, медициналык мекемелер, жеке компаниялар жана айрым банктардын бөлүмдөрү иштей берет.
Июль айынын ортосунан бери Иранда ысык аба ырайы катталууда жана синоптиктер мындай аптап дагы беш күнгө уланарын божомолдошууда. Өзгөчө кырдаал өлкөнүн түштүк бөлүгүндө байкалууда. Маселен, 3-августта Абадан шаарында абанын температурасы +50 градустан ашкан.
2023, 2024 жана 2025-жылдардын жай айларында мындай себептер менен ирандык бийлик айрым провинцияларда дем алыш күндөрүн жарыялап келген.
Учурда Иран саатына 62 миң мегаватт электр энергиясын өндүрүп жатат, бирок жогорку жүктөм маалында өлкөгө 80 миң мегаватт керектелет. Бул тартыштык Тегеранда жана башка шаарларда электр энергиясын күнара 2-4 саатка өчүрүүгө мажбур кылган.
Мындан сырткары, көптөгөн ишканаларда аптаптын айынан жума сайын төрт күн бою электр жарыгы өчүрүлүүдө. Ирандык басылмалар бул жылы өлкө акыркы ондогон жылдардагы эң катуу кургакчылыкка дуушар болгонун жазышууда.
