super.kg logo

WhatsApp 6,8 миллион аккаунтту өчүрдү

 

Meta компаниясы 2025-жылдын алгачкы жарымында дүйнө боюнча 6,8 миллион WhatsApp аккаунтун өчүргөнүн билдирди. Бул аккаунттардын көбү алдамчылык схемаларына жана жалган инвестиция сунуштарына байланыштуу болгон.

Эмне үчүн аккаунттар өчүрүлдү?

  • Көпчүлүк өчүрүлгөн аккаунттар Түштүк-Чыгыш Азиядагы (мисалы, Кытай, Таиланд, Мьянма) уюшкан кылмыштуу топтордун колунда болгон.
  • Бул топтор көбүнчө жасалма чаттар менен алдамчылык кылышкан.
  • Айрым адамдарды WhatsApp’тагы жасалма инвестициялык тайпаларга кошуп, байып кетесиң деп алдашкан.

Meta кандай чараларды көрдү?

  • WhatsApp эми белгисиз адам сизди группага кошсо, эскертүү билдирүү жөнөтөт.
  • Көпчүлүк алдамчылык аккаунттары иштей электе эле аныкталып, жабылган.
  • WhatsApp, Meta жана ChatGPT’нин иштеп чыгуучусу OpenAI биригип, Камбоджадагы кылмыштуу топтун жасалма электросамокат ижарасына байланыштуу "пирамидалык схемасын" токтотушкан.

Алдамчылар кантип иштешет?

  1. Алгач SMS аркылуу байланышат.
  2. Андан кийин диалогду социалдык тармак же WhatsApp аркылуу улантат.
  3. Акырында акча же криптовалюта сурашат.

"Эгерде сизден киреше табууга убада кылып, алдын ала акча талап кылышса – бул алдамчылык",- деп билдирди компания.

Компаниядан колдонуучуларга кеңеш:

  • WhatsApp’ты коопсуз колдонуу үчүн эки этаптуу текшерүүнү (2-step verification) кошуңуз.
  • Түшүнүксүз же күмөндүү билдирүүлөргө жооп бербеңиз.
  • Жакын адамыңыздай жазгандар деле алдамчы болушу мүмкүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: