super.kg logo

80 жыл мурун атом бомбасынан аман калган япон карыясынын тынчтыкка чакырыгы

 

Япониянын Хиросима шаарындагы атомдук бомба жарылган күндөн бери 80 жыл өттү. Бүгүн, 6-августта ал өлкөдө каргашалуу окуянын курмандыктарын эскерүү аземи орун алды.

Бомбалоодон аман калган 83 жаштагы Тошиюки Мимаки окуяны эстеп Sky news басылмасына маек берди. Ал азыркы заманды "эң коркунучтуу учур" деп атап, адамзатты өзүн-өзү жок кылуудан сак болууга чакырат.

Мимаки ал окуядан кийин өзөктүк куралга каршы күрөшүп келген тынчтык активисти болду. 2024-жылы Нобель тынчтык сыйлыгына да татыган.

"Азыр эң кооптуу доор келди. Өзөктүк куралды азыр Орусия колдонушу мүмкүн, Түндүк Корея колдонушу мүмкүн, Кытай колдонушу мүмкүн. Ал эми Трамп жөнүндө айтпай эле койсом да болот. Биз согушсуз жана өзөктүк куралсыз дүйнө үчүн канча жолу кайрылдык, бирок эч ким уккан жок",- деди ал.

1945-жылдын 6-августунда АКШ биринчи жолу согушта атом бомбасын колдонуп, Хиросиманы жер менен жексен кылган. Ал кезде Мимаки мырза болгону үч жашта болчу.

"Ал күнү сыртта ойноп жүргөм. Жарк эткен жарыкты көрдүм. Жарылуу үнүн уккан жокмун. Алгач чагылган чарт этти го деп ойлодум.

Биз жарылуу болгон борбордон 17 чакырым алыста болчубуз. Түшкү убакта шаар тараптан агылып келе баштады. Чачтары күйгөн, кийимдери жыртылган, айрымдары бут кийимсиз, суусап, суу сурап жатышты",- деп эскерди ал.

Атасы Хиросиманын борборунда иштечү. Ал жарылуудан кийин төрт күнгө чейин үйүнө кайтып келген эмес.

"Апам мени жана инимди жетелеп, шаарга атамды издеп жөнөдү. Бирок кыйроо чоң болгондуктан, шаардын борборуна жетүү мүмкүн болгон жок. Төртүнчү күнү атам өзү келди. Жарылуу болгон учурда жер төлөдө кийим алмаштырып жаткан экен. Ошентип аман калган. Үстүнө чыкса - Хиросима деген шаар жок болуптур",- деди Мимаки.

Үч күндөн кийин АКШ экинчи атом бомбасын Нагасакиге таштап, ал Япониянын багынуусуна алып келген. 1945-жылдын аягына чейин Хиросима менен Нагасакиде 210 миңден ашык киши каза болгон. Алардын көпчүлүгү радиациядан улам ооруп, кийин да өлүмгө туш болушкан.

"Азыркыга чейин радиациядан жабыркагандар бар. Айрымдары учурда да ооруканада. Мен да рак менен ооруп калышым мүмкүн деп чочулайм",- деди ал.

Радиацияга туш болгондорду "Хибакуша" деп аташат. Алар көп жылдар бою жумушка алынбай, үйлөнүүдө четке кагылып келишкен. Ошондуктан көпчүлүгү өзүнүн абалын жашырып жүрүүгө аргасыз болгон. Азыр болсо карылыкка байланыштуу аларга берилчү жардамдарга жетүү да кыйын болуп жатат.

Эң оор жара - бул психологиялык. Көпчүлүгү көргөн коркунучтарын өмүр бою жашырып, "алар өлдү, мен аман калдым" деген күнөөнү көтөрүп жашашкан.

Мимаки кичинесинде бир кыз менен чогуу ооруп калганын айтат. Экөөндө тең радиациядан уулануу белгилери болгон.

"Ал кыз көз жумду. Мен аман калдым",- деп көздөрү жашка толду.

Ал азыр "Нихон Хиданкё" деген өзөктүк жардыруудан жабыркагандар уюмунун тең-төрагасы. Бул уюмга 2024-жылы Нобель тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Бирок ал сыйлык тапшырылгандын ордуна, дүйнөлүк деңгээлде өзөктүк куралга каршы күрөш улантылышы керек экенин кайталап келет. Себеби атом бомбасы тууралуу тирүү күбөлөр азайып бара жатат.

Азыр дүйнөдө 9 өлкөнүн колунда болжол менен 12 миңден ашуун өзөктүк бомба бар.

"Бүгүнкү күндө кайсы бир күнү аны колдонуп жиберүү коркунучу бар. Орусия–Украина, Израил–Газа, Израил–Иран… Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун согуш токтогон жок. Эмне үчүн адамдар согушту мынчалык жакшы көрөт?

Биз айтып эле келе жатканыбызга 80 жыл болду, эч ким угуп да койгон жок. Менин айтарым - экинчи ирет Хибакуша жаратпайлы",- деп сөзүн жыйынтыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: