Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы коррупция боюнча иликтөө үчүн кечирим сурады
Бүгүн, 6-августта Түштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёлдун жубайы Ким Гон Хи Сеул шаарындагы атайын прокурордун борборуна келип, журналисттердин алдында элден кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ким Гон Хи өзүнө коюлган айыптар боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Ким акциялар менен алдамчылык кылуу, пара алуу жана таасирин кыянаттык менен колдонуу сыяктуу бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Ошондой эле ал бизнес жана диний уюмдардын өкүлдөрүнөн кымбат баалуу белектерди алган деп айыпталууда. Белектердин арасында Van Cleef & Arpels маркасындагы 60 миллион вондон (40,1 миң доллар) ашык баалуу мончок жана Chanel фирмасынан эки баштык бар, алар президенттин жана жубайынын мүлкү катары декларацияланган эмес.
Юн Сок Ёль былтыр, 3-декабрда, аскердик абал жарыялоо үчүн армияга парламентти көзөмөлгө алуу буйругун берген. Бул аракет ийгиликсиз болуп, өлкөдө чоң саясий кризис жаралган. 14-декабрда парламент Юнга импичмент жарыялап, 15-январда ал камакка алынган. Ал эми 4-апрелде Конституциялык сот импичментти күчүндө калтырган соң, мөөнөтсүз президенттик шайлоо дайындалган.
