super.kg logo

Орусияда аял курбусуна 60 жолу бычак сайган

 

Орусиянын Гусь-Хрустальный шаарынын тургуну курбусун мыкаачылык менен өлтүрүп, ага 60 жолу бычак сайган. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитети билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 36 жаштагы аял досуна жолугуу үчүн жатаканага келген. Ал мас абалда болгон. Анын агрессивдүү жүрүм-турумунан улам курбусу менен чогуу жашаган жаран аялды кууп чыккан.

Эркек жумушка кеткенден кийин аял кайтып келип, курбусун бычак менен сайып салган. Издерин жашыруу үчүн аял кийимин алмаштырып, бөлмөдөн чыгып кеткен.

Окуядан кийин кылмышкер аял кошунасына барып, баарын айтып берген. Ал коменданттан укук коргоо кызматкерлерин чакырууну суранып, кол салган адамды алар келгенче коридордо кармап турган. Аны кармаганда сумкасынан кандын издери бар кийимдер жана эки бычак табылган. Ага карабай ал батирге үч белгисиз адам келген деген версияны айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Аялга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: