super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалды (фото)

 

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы С.Ч.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, аталган министрликтин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

С.Ч.М. жарандан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.

Бул факты боюнча кечээ, 5-августта С.Ч.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: