Израилдин Газага гуманитардык жардам алып бараткан унааларга кол салганы айтылды
Иордания Израилди Газага багыт алган гуманитардык жардам ташыган жүк кербенине жасалган кол салууга айыптады. Бул тууралуу Reuters агенттиги Иордания өкмөтүнүн өкүлү Мохаммед аль-Моманиге таянып жазды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта израилдик жарандар Газага гуманитардык жардам алып бара жаткан 30 жүк ташуучу унаадан турган кербенге кол салышкан. Натыйжада, жардам өз убагында жеткирилбей калган.
"Бул Израил тараптан олуттуу чараларды талап кылат. Мындай кол салууларга жол бергендерге эч кандай кечирим болбошу керек",- деди аль-Момани агенттикке берген маегинде.
Ошондой эле Палестина анклавынын бийлиги бүгүн эртең менен гумжардам ташып бараткан жүк унаасы кырсыктап, оодарылып кеткенин билдирди. Бул окуяда 20дан ашуун адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан.
Палестиналык тараптын билдирүүсүнө караганда, Израил армиясы атайылап жүк унаасын бараткан багытынан тайдырып, абалы начар, бомбалоодон жабыркаган кооптуу жолдор менен жөнөткөн. Алар муну гуманитардык жардамды жеткирүү жана бөлүштүрүү ишинде толук баш аламандык өкүм сүрүп жаткандыгы менен түшүндүрүштү.
27-июлдан тартып Израил Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү жарым-жартылай кайра жандандырган. Июлдун аягынан баштап жардамды абадан түшүрүү иштери да улантылган. Ошондой эле Израил БУУнун гуманитардык конвойлору үчүн кургак жолдорду ачууга убада берген.
Май айынан бери Газа тилкесиндеги жардамды бөлүштүрүү иши АКШ менен Израилдин көзөмөлүндөгү Газанын гуманитардык жардам фонду (Gaza Humanitarian Foundation, GHF) тарабынан жүргүзүлүп келет. Бирок ХАМАС бул фондду саясий кызыкчылыктар үчүн колдонулуп жатат деп айыптап, аны жоюуну талап кылууда.
