Оштогу Кең-Сай суугат суу станциясы сентябрь айынын аягына чейин ишке берилет

Маалым болгондой, 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Жапалак айылындагы суу насостук станциясы Кең-Сайды суугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кең-Сай массивин толук өздөштүрүү максатында тиешелүү адистер менен бирге суу станциясын иштетүү боюнча жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү. Мында станцияны толук оңдоп түзөп сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлду.
Белиглей кетсек, Кең-Сай массивинен Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна 800 гектар жер мындан 15 жыл мурун бөлүнүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:25
2025-08-06

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.