super.kg logo

Украинадагы кризисти жөнгө салууда чечүүчү этап башталганы айтылды

 

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван И Украинадагы кризисти жөнгө салууда чечүүчү этап башталганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Министрдин айтымында, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрдү башташы - бул кризисти чечүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат. Бул тууралуу ал Бразилия президентинин башкы атайын кеңешчиси Селсу Аморим менен телефондон сүйлөшүү маалында билдирген. Сүйлөшүү учурунда тараптар Украинадагы кырдаалды да талкуулашкан.

"Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрдү баштап, алдыга карай маанилүү кадам жасашты. Азыр бул процессти жөнгө салуу чечүүчү этапка өттү",- деп билдирген министр.

Ошондой эле Ван И Кытай менен Бразилиянын Украина кризисин саясий жол менен жөнгө салуу боюнча сунуш кылган 6 пункттан турган консенсусу чыңалууну азайтууга оң таасирин тийгизгенин белгилеген.

Кытай менен Бразилия 2024-жылдын май айында Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган 6 пункттан турган планды биргелешип сунушташкан. Бул демилгени дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети колдогон. Анын негизинде Кытай, Бразилия жана Глобалдык Түштүккө кирген башка мамлекеттер Украинадагы жаңжалды чечүү үчүн "Тынчтыктын достору" деген ачык платформаны түзүшөрүн жарыялашкан.

Мындан тышкары, Орусия менен Украина Стамбул шаарында үч ирет түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Жыйынтыгында туткундарды алмашуу жүрүп, Орусия Украина тарапка курман болгон аскерлердин сөөгүн өткөрүп берген. Ошондой эле, эки тарап тең жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандум долбоорлору менен алмашышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: