super.kg logo

Жалал-Абаддагы жер титирөө: Жарака кеткен объекттердин саны 14кө жетти

 
Жалал-Абад облусунда кечээ, 5-августта катталган жер титирөөдө жарака кеткен объекттердин саны 14тү түздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Айтсак, Майлуу-Суу шаарында 1 социалдык объект, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында 2 социалдык объект, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө 8 турак жай жана 3 социалдык объекттин дубалдарында жаракалар пайда болгон.
Учурда жер-жерлерде Жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда.
Белгилей кетсек, 5-августта облус аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган, силкинүүнүн очогу Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Базар-Коргон районунун айрым айыл өкмөтөрүндө 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: