Пакистанда 28 жыл мурун жоголгон адамдын сөөгү муз эриген жерден табылды
Пакистандын чыгышындагы тоолуу Кохистан аймагында 28 жыл мурун жоголгон адамдын сөөгү муз эриген жерден табылды. Жергиликтүү чабан тапкан бул сөөк "Леди өрөөнү" деген белгилүү аймактан, кийимдери менен кошо дээрлик өзгөрүүсүз абалда табылган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, сөөгүнүн жанындагы жеке күбөлүктө "Насируддин" деген ысым жазылган. Полиция бул маалыматка таянып, 1997-жылы ошол аймакта жоголгон адамды аныктаган. Маалыматка караганда, Насируддин кар бороондо муз жарылган жерге түшүп кеткен.
Соңку жылдары кардын аз жаашы муздардын ылдам эришине себеп болууда. Адистер бул табылга климаттын өзгөрүшү муздардын канчалык тез эригенин далилдеп жатканын белгилешти.
"Көргөн нерсеме ишене алган жокмун. Сөөк толугу менен сакталыптыр, кийимдери да айрылбаптыр",- деди BBC Urdu’га маек курган чабан Омар Хан.
Полиция жеке күбөлүктү ырастагандан кийин жергиликтүү тургундар бул окуя боюнча кеңири маалымат бере башташты.
Маалыматка ылайык, Насируддин үй-бүлөлүү болгон жана эки баланын атасы эле. Ал жоголгон күнү агасы Катируддин менен кошо ат минип жолго чыгышкан. Үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам үйлөрүн таштап кетишкени айтылды.
Агасы Катируддин эртең менен өрөөнгө жеткенин, түш маалында Насируддин бир үңкүргө кирип кеткенин, кайра кайтып келбегенин айтып берген. Ал аны издей баштаганын, тегеректеги элден да жардам сураганын, бирок эч кандай из таба албаганын белгилеген.
"Адам сөөгү муздун ичине түшкөндө заматта тоңуп калат. Ошондуктан чирүү процесси болбойт. Муз ичиндеги кычкылтек менен нымдуулуктун аздыгы сөөгүн табигый мумияга айландырат",- деди Исламабаддагы COMSATS университетинин Айлана-чөйрө илимдери бөлүмүнүн башчысы, профессор Мухаммад Билал.
