Иранда Израилдин атайын кызматына маалымат берген адам өлүм жазасына тартылды
Иранда Израилдин "Моссад" атайын кызматы менен кызматташтыгы үчүн айыпталган Рузбех Вади өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Рузбех Вади өкмөттүк уюмда иштеп, жашыруун маалыматтарга ээ болгон. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал интернет аркылуу Израилдин атайын кызматы "Моссад" менен байланышкан, ага ай сайын акы төлөнүп турган. Вади окуу курстарына катышуу шылтоосу менен Венага барып, ал жакта "Моссаддын" өкүлдөрү менен жолуккан.
Иранга кайткандан кийин, ал жумасына бир жолу өзү иштеген уюм тууралуу жашыруун маалыматтарды "Моссадга" жөнөтүп турган. Ошондой эле израилдик чабуулдун курмандыгы болгон өзөктүк физиктин жайгашкан жери тууралуу маалыматты берген. Бул маалымат Израилдин Иранга чабуул жасоосуна себеп болгону айтылууда.
Тегеранга кайткандан кийин, Вади Ирандын коопсуздук кызматтарынын көзөмөлүндө болуп, "Моссад" менен байланышы аныкталгандан кийин дароо кармалган. Ал тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алган.
Эске салсак, 13-июндан баштап Израил Иранга бир нече чабуул жасаган. Натыйжада, бир нече өзөктүк физиктер жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өлтүрүлгөн. Израил армиясы бул илимпоздор Ирандын өзөктүк программасы боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирген. 24-июнда эки тарап ок атышпоого макулдашкан.
