Европа Парламентиндеги үч фракция Газадагы геноцидди токтотууга чакырды
Европа Парламентиндеги үч топ - Солчулдар, Жашылдар жана Социалисттер менен Демократтардын Прогрессивдүү Альянсы биргелешкен кат жазып, Европа Биримдигинин (ЕБ) жогорку даражалуу жетекчилерин Израилдин Газа тилкесиндеги геноцидин токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул кат ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге, ЕБ Кеңешинин төрагасы Антониу Коштага жана ЕБнин Тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кая Калласка жолдонгон.
Катта ЕБнин Газа менен оккупацияланган Палестина аймактарындагы кырдаал боюнча аракет көрбөй жатканы сынга алынган. Ошондой эле Израил Газадагы ачарчылыкты "согуш ыкмасы" катары колдонуп жатканы жана 6 миңден ашуун гуманитардык жардам жүктөгөн жүк ташуучу унаалардын Газа тилкесине киришине тоскоол болгондугу белгиленген.
Мындан тышкары, катта Израил өкмөтүнүн Газа тилкесин толугу менен басып алуу боюнча пландары бар экени айтылып, бул эл аралык укукка каршы келери баса белгиленген.
"Бул жөнөкөй эле өзгөчө кырдаал эмес. Газа тилкесинде геноцид болуп жатканына айкын далилдер бар. Европа Комиссиясы менен Европа Кеңеши муну таанып, ага каршы аракет көрүүдө азыркыга чейин ийгиликке жете алган жок",- деп жазылган катта.
Бул үч топтун лидерлери төмөнкүдөй чараларды көрүүгө чакырышкан:
- ЕБ менен Израилдин ортосундагы өнөктөштүк келишимин токтотуу;
- Тель-Авивге толук кандуу курал-жарак эмбаргосун киргизүү;
- Эл аралык укукту бузган израилдик аткаминерлерге каршы санкция колдонуу;
- Батыш Жээктеги мыйзамсыз басып алууларга байланышкан товарлардын соодасына тыюу салуу.
Белгилей кетсек, Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган чабуулдарында кеминде 61 020 палестиналык каза таап, 150 671 адам жаракат алган.
