Путин Трамптын атайын өкүлү Уиткофф менен Кремлде жолугушууну баштады
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Кремлде жолугушуу өткөрүп жатат.
Стив Уиткофф бүгүн, 6-августта Москвага келди. Бул Трамптын өкүлүнүн Орусияга болгон бешинчи сапары. Уиткофф акыркы жолу Путин менен апрель айында жолуккан.
Уиткоффтун Москвага сапарынан бир жума мурун Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга Москвага 10 күн мөөнөт берген. Болбосо, ал Орусияга жана анын өнөктөштөрүнө, анын ичинде орусиялык энергия ресурстарын сатып алуучуларга карата 100 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн билдирген. Трамп Уиткоффтун Москвадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга жана анын соода өнөктөштөрүнө карата чараларды кабыл алуу чечимин чыгарарын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.