Кыргызстанда кенже административдик кызматтар үчүн кадрлар резерви түзүлөт
Кыргызстанда кенже административдик кызматтар үчүн бирдиктүү кадрлар резерви түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бүгүн, 6-августтагы жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарындагы кадр саясатын жакшыртуу жана тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатын көздөйт.
Бул резервге кирген талапкерлер ар кандай мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына экинчи ирет сынак өткөрбөстөн дайындала алышат.
"Буга чейин 340 ашык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кадрлар резервин өз алдынча түзүп келишкен. Бул ыкма жол-жоболордун кайталанышына, убакыттын жана ресурстардын чыгымдалышына алып келген.
Эми жаңы борборлоштурулган ыкма ар бир орган өзүнчө конкурс өткөрүүсүнө болгон муктаждыкты жоёт, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартат жана талапкерлер үчүн катышуу процесси жөнөкөйлөтүлөт",- деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул резервди түзүү ишин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жүргүзөт.


