Навроцкий Польшанын президенттик кызматына киришти
Польшанын президенти болуп шайланган Кароль Навроцкий мамлекет башчысы кызматына киришти. Бүгүн, 6-августтагы инаугурация тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, элдин кызматын кылууга ант бергенин билдиришти.
Ал өз сөзүндө өлкөдө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Навроцкий мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө жана пенсия курагын жогорулатууга каршы турууга аракет кыла турганын айтты.
2-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициядагы "Мыйзам жана адилеттик" партиясынын талапкери Навроцкийдин Польша президенти болуп шайланганын экинчи турдун жыйынтыгы менен расмий тастыктаган. Андан кийин, 1-июлда Польшанын Жогорку соту президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитип, Кароль Навроцкийдин жеңишин мыйзамдуу деп тааныган.
