super.kg logo

КЫРГЫЗЛОТО кытайлык инвесторлор менен келишим түздү (фото, видео)

 

Ысык-Көлдө 4-августта кесиптик лотереялар тармагында эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө арналган иш-чара болуп өттү.

Анда “Мамлекеттик лотереялык компаниясы” мамлекеттик ишканасы (КЫРГЫЗЛОТО) менен “Тяньшань Текнолоджи Сервис Ко” компаниясы “ЧОҢ УТУШ” аттуу лотереяны уюштуруу жана ойнотуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Иш-чарага КЫРГЫЗЛОТОнун директору Шерик Касмалиев, “Тяньшань Текнолоджи Сервис Ко” компаниясынын башкы директору Ван Цзивень жана компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Келишимге ылайык, “ЧОҢ УТУШ” лотереясын жарандар 50 сомго сатып ала алат. Ал эми утуш байгелери 50 сомдон 600 000 сомго чейин болот.

Тараптар биргелешип өнүктүрүү стратегиясын талкуулап, тажрыйба алмашып, келишимди жакынкы айларда ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

"Биз эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун жаңы этабына чыкканыбызга кубанычтабыз. Биздин тажрыйба жана “Тяньшань Текнолоджи Сервис Ко” компаниясынын технологиялары лотерея рыногун жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Биздин кызматташуу ийгиликтүү жана алгылыктуу болсун”, -деди Касмалиев.

Ал эми“Тяньшань Текнолоджи Сервис Ко” компаниясынын башкы директору Ван Цзивень Кыргызстан менен кызматташууну баалаганын айтып, лотерея секторун өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

“Биз кыргыз өкмөтүнүн ишенимин жогору баалайбыз жана ачык-айкын, инновациялык жана социалдык багыттагы лотерея секторун өнүктүрүүгө, салым кошууга даярбыз”,-деп белгиледи Цзивень.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, компаниянын өкүлдөрү келишим узак мөөнөттүү жана ийгиликтүү болушуна тилектештигин билдиришти.

Мындан тышкары, Кытайдан келген конокторго КЫРГЫЗЛОТО тарабынан сый көрсөтүлүп, Кыргызстандын табияты тааныштырылды.

Маалымат үчүн: Лотереядан түшкөн кирешенин негизинде мамлекетке салык төлөнөт жана Максаттуу чегерүүлөр фонду аркылуу дене тарбия, спорт, билим берүү, маданият жаатындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү жана майыптыгы бар адамдар үчүн өндүрүш түзүү жана социалдык маанилүү иш-чаралар каржыланат (“Лотереялар жөнүндө” КРнын 2017 – жылынын 10-майында кабыл алынган № 78 мыйзамынын 19-беренеси).

“Кесиптик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасы (КЫРГЫЗЛОТО) КРнын өкмөтүнүн 2016-жылынын 17-июнунда кабыл алынган № 339 токтому менен түзүлгөн.

“Тяньшань Текнолоджи Сервис Ко” “Лотереялар жөнүндө” КРнын 2017 – жылынын 10-майында кабыл алынган № 78 мыйзамынын 1-беренесинин 22 пунктуна ылайык түзүлгөн жана КРнын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында катталган юридикалык жак.






КЫРГЫЗЛОТО

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: