super.kg logo

Газада Израилдин чабуулунан улам палестиналык футболчу каза тапты

 

Палестинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Сулейман Аль-Обейд Израилдин чабуулунуна улам 41 жашында каза болду. Бул тууралуу Палестинанын футбол ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сулейман Аль-Обейд Газанын түштүгүндө гуманитардык жардам күтүп турган учурда көз жумган. Ошондой эле футболчудан тышкары дагы бир нече жай тургун жабыркаган.

Басма сөз кызматынын маалыматында, ал "палестиналык футболдун эң көрүнүктүү жылдыздарынын бири" катары сыпатталат. Өзүнүн карьерасынын ичинде Аль-Обейд Палестинанын жергиликтүү клубдарында ойногон жана улуттук курама команда үчүн 19 оюн өткөрүп, 2 гол киргизген.

Палестина футбол ассоциациясынын (PFA) маалыматына ылайык, 2023-жылдан 2025-жылдын ортосуна чейин Израилдин аскердик чабуулдарынан улам каза болгон палестиналык футболчулардын саны 200дөн ашкан.

2025-жылдын июнь айында дагы эки жаш палестиналык оюнчу, тагыраагы Мустафа Мета жана Абдулла Мазен Хавила Газада гуманитардык жардам алуу үчүн кезекте турган учурда Израилдин аткылоосунан улам курман болушканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: