super.kg logo

Бивол – Бетербиев трилогиясы болбойт

 

Жарым оор салмактагы орус мушкери, дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Артур Бетербиев америкалык мушкер Деон Николсон менен беттешмекчи. Бул тууралуу Ring Magazine басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бетербиев кезектеги беттешин 2025-жылдын 22-ноябрында Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтө турган The Ring IV Night of Champions турниринин алкагында өткөрөт.

Көпчүлүк күтүп келген Бивол – Бетербиев трилогиясынын ордуна, Бетербиевдин атаандашы америкалык мушкер Деон Николсон болору белгилүү болду.

Жарым оор салмактагы эң күтүлгөн мушташ Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосундагы трилогия болмок. Анткени эки мушкер мурда эки ирет рингге чыгып, учурда эсеп 1:1 болуп турат.

Биринчи жолу алар 2024-жылдын 13-октябрында Эр-Риядда беттешкен. Ал кездешүүдө калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жетип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталган.

Экинчи беттеш 2025-жылдын 22-февралында, кайра эле Эр-Риядда өткөн. Бул жолу да мушташ калыстардын чечими менен аяктап, жеңиш Биволго ыйгарылып, ал дүйнөнүн жаңы абсолюттук чемпиону болгон.

Бирок көп өтпөй Бивол бул наамынан ажыраган. Себеби ал WBC версиясы боюнча титулун Дэвид Бенавидеске каршы коргоодон баш тарткан.

Бул тууралуу WBC президенти Маурисио Сулейман билдирип, Биволго бул беттеш үчүн сунушталган 8 миллион долларлык гонорардан да баш тартканын маалымдаган.

Эске салсак, Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол да коомчулукка кайрылып, балдарынын келечеги боюнча сот отуруму өтөрүн, алар ким менен кала турганын сот чечерин билдирген. Ал апрель айында экс-жолдошун кечиргенин да кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: