super.kg logo

Ысык-Көлдө жол коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда (фото)

 
Жайкы туристтик сезон маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын тартибин сактоо максатында, Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Бороновдун жетекчилиги алдында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Ысык-Көл облусунун ЖКККБ кызматкерлери, ошондой эле Бишкек жана Ош ШИИБинин МККБ бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, курорттук аймактарда, эс алуу жайларында жана жол кыймылы жогору болгон тилкелерде күнү-түнү иш алып барууда.
Бул иш-чаранын алкагында Бостери айылында Subaru Forester автоунаасын текшерген учурда 23 400 сом айып пулу аныкталды.
Бишкек ШИИБ боюнча МККБнын кызматкерлери Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын айдоочусу ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн жалпы суммасы 23 400 сом болгон айып пулдары бар экени аныкталды.
Учурда унаа атайын токтотмо жайына токтотулуп, айдоочуга тиешелүү протокол түзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин бузууга каршы көзөмөл күчөтүлдү. Ошондой эле туристтик агым көп болгон тилкелерде кошумча көзөмөл пункттары уюштурулуп, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
“Биздин негизги максатыбыз - жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу. Күчөтүлгөн режим туристтик сезондо мүмкүн болуучу жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө түзөт",- деп белгиледи Боронов.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: