super.kg logo

Трамптын чабарманы Москвага кандай кабар менен келди?

 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Кремлдеги жолугушууда Украина кризисин жана эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу 6-августта Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орусиялык басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, сүйлөшүү абдан пайдалуу жана конструктивдүү мүнөздө өттү.

"Эгер темаларды атачу болсок, биринчи кезекте бул, албетте, Украина кризиси. Экинчи маселе — бул АКШ менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү. Биз тараптан, айрыкча Украина маселеси боюнча, айрым маселелер айтылды жана аларга керектүү жооптор АКШ президенти Дональд Трамптан да алынды", — деди Ушаков журналисттерге.

Уиткофф бүгүн, 6-августта таң эрте Москвага келген. Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлүнүн жолугушуусу аяктаганын маалымдап, сүйлөшүү болжол менен үч саатка созулганын билдирди. Жолугушууга Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков да катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: