Акыркы 20 жылдагы ири өрт Франциянын түштүгүндөгү токойлорду каптады
Франциянын түштүгүндөгү Од департаментинде чыккан токой өртү 13 миң гектар жерди бир суткага жетпеген убакта камтып, акыркы 20 жылдагы эң чоң өрт болуп калды. Бул тууралуу Le Parisien гезити расмий маалыматтарга таянып 6-августта кабарлады.
"Токой өрттөрү боюнча маалымат базасы шейшемби күнү Од департаментинде башталган өрт акыркы 20 жыл ичинде катталган эң ири өрт болуп эсептелерин билдирет",- деп айтылат маалыматта.
Франциянын экологиялык трансформация министри Аньес-Панье Рюнаше билдиргендей, Од аймагындагы өрт 2024-жылы өлкө боюнча күйүп кеткен жалпы токой аянтына тете. Бул 2023-жылы күйгөн аймактан эки эсе көп экенин да кошумчалаган.
Мунун алдында Од департаментинин бийлиги өрттүн кесепетинен бир адам каза болуп, тогуз киши жараат алганын билдирген. Жалын 30дай автоунааны жок кылып, 25 үйдү каптаган. Мындан тышкары 2,5 миң жашоочу жарыксыз калган, көптөгөн жолдор убактылуу жабылган.
