Газанын Ички иштер министрлиги абадан гуманитардык жардам таштоону токтотууга чакырды
Газанын Ички иштер министрлиги гуманитардык жардамды абадан таштоо ыкмасы абалдын ого бетер начарлашына жана жай тургундардын арасында курмандыктардын көбөйүшүнө алып келип жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Гуманитардык жүктөрдү абадан таштоо жардам алуу үчүн келген элдин түртүшүүлөрүнөн улам адам өмүрүн алууда. Контейнерлер жашоого жарамдуу үйлөрдүн чатырларына кулап түшүүдө. Жабыркагандардын арасында аялдар жана балдар да бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик белгилегендей, Газа секторунда азык-түлүк тартыштыгы өтө күч болуп жаткан шартта мындай жардам жеткирүү ыкмасы башаламандыкты күчөтүп, жаңы курмандыктарга алып келүүдө.
"Гуманитардык кризисти токтотуунун жалгыз жолу – бардык өткөрмө пункттарды ачып, азык-түлүк жана гуманитардык жардамды жер аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүп туруу", - деп кошумчалады Газанын ИИМи.
Буга чейин 23-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдиргендей, Газа секторунда ачарчылыкка байланыштуу өлүмдөрдүн саны кескин өсүүдө.
