Иранда "өлкөсүн сатты" делген 2 жаран өлүм жазасына тартылды
Иранда терроризм жана чалгынчылык үчүн айыпталып, өлкөнүн Жогорку соту күнөөлүү деп тапкан эки адамга өлүм жазасы аткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, өлүм жазасына тартылгандардын бири —Рузбех Вади. Тергөө маалыматтарына караганда, Вади Израилдин Иранга каршы 12 күндүк операциясынын жүрүшүндө өлтүрүлгөн ирандык ядролук илимпоз тууралуу маалыматты Моссадга берген.
Мындан тышкары, Вади Австриянын борбору Вена шаарында беш жолу башка өлкөнүн чалгын өкүлдөрү менен жолугуп, жашыруун маалыматтарды өткөрүп турганы айтылды.
Буга чейин Израилдин Иранга каршы соккулары учурунда ирандык ядролук программага тиешеси бар кеминде 14 физик жана инженер өлтүрүлгөнү кабарланган.
Экинчи өлүм жазасына тартылган адам — Мехди Аскарзаде. Ал "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук уюмуна тиешеси бар деп табылган. Аскарзаде Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, андан соң Иранга мыйзамсыз кирип келген. Анын тобунун мүчөлөрү иран коопсуздук күчтөрү менен атышууда жок кылынган, ал өзү болсо кармалып, соттолгон.
Бириккен Улуттар Уюму Ирандагы өлүм жазаларынын көптүгүнөн терең тынчсыздануусун билдирүүдө. 2024-жылы өлкөдө кеминде 975 адамга өлүм жазасы аткарылган. Бул 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.
Amnesty International укук коргоо уюму да 2025-жылдын июль айынын аягында жарыяланган билдирүүсүндө Иранда жыл башынан бери 700дөй адам дарга асылганын маалымдаган.
