super.kg logo

Милиция Көк-Жарда мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда жол тоскон 5 жаранды кармады (видео)

 

Кечээ, 6-август күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципиалдык администрациясы мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы коңушунун 172-контуруна барган учурда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз топ адамдар жолду мыйзамсыз тосуп алышкан.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесине (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У. жана 1965-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 17 жаран жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренесине (ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык протокол түзүлдү.

Милиция жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, же башка транспорт каражатынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу залал келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, 279-беренеге (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) ылайык 1 жылдан 5 жылга чейин жазага тартыла турганын эскертти.







видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: