super.kg logo

Трамп Путин менен жакында жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы убакта Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинадагы согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Жолугушуу жакын арада болушу мүмкүн деген жакшы мүмкүнчүлүк бар",- деди Трамп.

Трамп ошондой эле Орусия менен АКШнын шаршемби күнү "жакшы сүйлөшүүлөрдү" өткөргөнүн айтты. Бирок ошол эле учурда, Москва менен соода кылган өнөктөштөргө карата кошумча санкциялар болушу да мүмкүн экенин четке каккан жок.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу үчүн "көптөгөн тоскоолдуктарды" жеңип өтүү керек экенин белгилеген.

"Бүгүн жакшы күн болду, бирок алдыда көп иш бар. Бизди дагы эле бир топ тоскоолдуктар күтүп турат. Алардан жакынкы күндөрдө өтүп кетүүгө үмүттөнөбүз",- деди Рубио Fox Business телеканалына берген маегинде.

АКШ президентинин администрациясы жолугушууга даярдык жүрүп жатканын тастыктады. Маалыматтарга караганда, Трамп Путин менен жолугушкандан кийин Украина президенти Владимир Зеленскийдин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүшү мүмкүн.

"Орусия тарап президент Трамп менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди, жана президент Путин менен да, Зеленский менен да жолугушууга даяр. Президент Трамп бул кандуу согуштун токтотулушун каалайт",- деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливит.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: