Зеленский: "Азыр Орусия ок атууну токтотууга даяр"
Украина президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен сүйлөшүүсү тууралуу комментарий берип, кечки видео кайрылуу жасады.
"Биз Москвада айтылган нерселерди талкууладык. Көрүнүп турат, азыр Орусия ок атууну токтотууга көбүрөөк даяр. Аларга болгон кысым өз жемишин берүүдө. Бирок эң башкысы — алар деталдарда бизди да, АКШны да алдабашы керек",- деди Зеленский.
Буга чейин Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү өткөргөнүн, анда Москвада айтылган маселелерди талкуулаганын билдирген.
АКШнын президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Москвада Владимир Путин менен болгон жолугушуусун Трамп да, Москвада жакшы деп баалашты. Бул жолугушуу кечээ, 6-августта өткөн.
Ошондой эле Reuters жана New York Times басылмалары Вашингтон жума күнү Орусияга каршы кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдиришти.


