United Airlines АКШ боюнча бардык каттамдарын убактылуу токтотту
АКШнын United Airlines авиакомпаниясы "техникалык мүчүлүштүк" себеби менен өлкө боюнча бардык негизги каттамдарын убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу BBC'нин америкалык өнөктөшү CBS News маалымдады.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) расмий сайтында билдиргендей, токтотуу чечими Чикаго, Денвер, Хьюстон, Сан-Франциско жана Нью-Джерси сыяктуу ири аэропорттордо олуттуу кечигүүлөргө алып келген.
"Биз бул маселени чечүүгө аракет кылып жатканда, кечинде кошумча кечигүүлөр болушу мүмкүн. Коопсуздук - биздин башкы артыкчылыгыбыз. Жүргүнчүлөрүбүздү багыттарына жеткирүү үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз",- деп маалымдады компания.
FlightAware учуу-тактоо сайтынын маалыматына ылайык, АКШнын чыгыш убактысы боюнча саат 21:00дө 700дөн ашуун United каттамы кечигип жатканы белгилүү болду.
Учурда авиакомпаниядан кошумча маалыматтар расмий түрдө жарыялана элек.


