super.kg logo

Трамп: "Иран өзүнүн өзөктүк куралдарын калыбына келтирсе, АКШ кайра чабуул жасайт"

 

Эгер Иран өзүнүн өзөктүк потенциалын калыбына келтирүүгө аракет жасаса, АКШ кайрадан аскердик чара көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз Иранга өзөктүк курал алууга мүмкүнчүлүк бербестен, Жакынкы Чыгыштагы согуштарды токтоттук",- деди Трамп.

Анын айтымында, эгер Иран баарын кайра баштай турган болсо, бул өтө кооптуу кадам болмокчу.

"Алар кайра баштай турган болсо, биз кайра кайтып келебиз. Менимче, алар муну түшүнүшөт",- деп кошумчалады Трамп.

Белгилей кетсек, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. АКШ да жаңжалга аралашып, Ирандын өзөктүк объекттерине сокку урган.

23-июнда Иран Катардагы АКШнын "Аль-Удейд" аскердик аба базасын ракета менен аткылаган. Бул окуядан кийин Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атууну токтотуу тууралуу келишимге жетишилгенин жарыялап, 24-июнда тынчтык күчүнө киргенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: