super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– ММКны каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу жана жоюу тартиби, маалыматка жетүү, анын ичинде ММКны каттоо, кайра каттоо критерийлери жана каттоодон баш тартуу; бул жерде ММКны юстиция органдары каттоо тууралуу чечим кабыл алгандан тартып катталган деп эсептөө жана маалымат таратууга укуктуу экенин, ал эми ММКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экени белгиленет;

– массалык маалымат каражатынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдер;

– цензураны катуу тыюу, кызматтык адамдардын, анын ичинде ММКнын негиздөөчүлөрүнүн массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө ар кандай кийлигишүүсүнө тыюу салуучу жоболор;

– ММКнын маалыматка жетүү укугун камсыздоонун өзгөчө укуктук режими, ММКнын жоопкерчилиги жана ММК, редакция, журналисттер жоопкерчиликтен бошотулган шарттар.

Мыйзам ММКга маалыматтын булагын, анын ичинде маалыматтын ээси катары аныктоону жашыруун сактоого укук берет, бирок бул укук аткаруу учурунда соттун талаптары келип түшкөн учурда иштетилбейт.

Мындан сырткары, өлкөдө массалык маалымат каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн, пайлардын 35 пайыздан ашуунуна ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынары көрсөтүлгөн, ошондой эле массалык маалымат каражаттарын таратуу жана редакциялык саясат боюнча этикалык стандарттарды сактоо милдеттендирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: