АКШда жол жээгинен 10 жаштагы кыз эс-учун жоготкон абалда табылды

Укук коргоо кызматкерлери АКШнын Аризона штатындагы трассанын жээгинен 10 жаштагы кызды эс-учун жоготкон абалда табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кыздын тырмактары жулунган, жаракаттары бар, оор абалда табылган. Анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Мындан тышкары, экспертиза анын сексуалдык зомбулукка кабылганын, ал эми кыз тирүү кезинде тамак-аштын жетишсиздигинен жана суюктуктан жабыр тартканын аныктаган.
Анын атасы менен апасы шектүү катары табылып, камакка алынган.
Ошондой эле кыздын таякеси жана анын аялы кыздын ата-энеси зордук-зомбулук көрсөтүп жатат деп полицияга бир нече жолу кайрылышканы белгилүү болду.
Кошумчалай кетсек, кыз окуган мектеп Балдардын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 12 жолу кат жазган.



