Израил армиясы Microsoft аркылуу миллиондогон палестиналыктарды тыңшап келери айтылды
The Guardian, +972 Magazine жана Local Call басылмаларынын биргелешкен иликтөөсү Израилдин аскердик чалгындоо бөлүмү - Unit 8200 Microsoft компаниясынын Европадагы серверлерин колдонуп, палестиналыктардын миллиондогон телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун жаздырып, узак убакытка сактап келгенин ачыкка чыгарды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 2021-жылдын аягында Unit 8200дүн командири Йосси Сариэль Microsoft компаниясынын башкы директору Сатья Наделла менен Сиэтл шаарындагы баш кеңседе жолугуп, Израилдин чалгындоо маалыматтарын Azure булут системасына өткөрүү боюнча сүйлөшкөн.
Наделла Сариэлдин пландарын колдогон жана Microsoft бул долбоорго ресурстарды бөлүүгө даяр экенин айткан.
Microsoft инженерлери тарабынан атайын коопсуздук катмарлары менен корголгон Azure платформасына өтүү менен, Unit 8200 саатына 1 миллион телефон чалууну сактай алган жаңы шпиондук системасын түзгөн. Бул систем 2022-жылдан бери иштеп келет.
Газада жана Батыш Жээкте жашаган палестиналыктардын күнүмдүк сүйлөшүүлөрү угулуп, анализделүүдө.
Мурда чектелген адамдарды гана тыңшоо мүмкүн болсо, эми булут технологиясынын жардамы менен баарынын сүйлөшүүсү алдын ала тандоосуз жазылып, каалаган убакта текшерилүүдө.
Ачыкка чыккан документтерге ылайык, бул система Газада бомбаланчу жерлерди аныктоо үчүн колдонулуп келет. Мисалы, бутадагы адам кайсы жерде жүргөн болсо, ошол аймактагы чалуулар анализденип, анын жанында канча адам бар экени, ким менен байланышта экени иликтенет.
Батыш Жээктеги система болсо калкты кысымга алуу, шантаж кылуу, камакка алуу үчүн жүйө табуу максатында колдонулат.
Unit 8200 булактары билдиргендей, система жазма билдирүүлөрдүн мазмунун да автоматтык түрдө анализдеп, "өлгүм келет" же "курал" деген сыяктуу сөздөрдү камтыган билдирүүлөргө "коркунуч деңгээлин" коюп, аларды көзөмөлгө алат. Бул система учурда дагы иштеп жатат.
Microsoft бул система тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, Unit 8200 менен кызматташуу болгону "кибер коопсуздук жана мамлекеттик колдоодо болгон чабуулдардан коргонуу" максатын көздөйт деп айткан.
Бирок документтерде Microsoft инженерлери система чалгындоо максатындагы үн жазууларды камтый турганын жакшы билгени көрсөтүлгөн. Ички маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын июль айына карата 11 500 терабайт маалымат (болжол менен 200 миллион сааттык аудио) Нидерланддагы, ал эми аз бөлүгү Ирландиядагы серверлерде сакталууда.
Долбоор Microsoft ичинде чоң жашыруундуулукта жүргүзүлгөн. Инженерлерге "Unit 8200" деген аталышты колдонбоо буйругу берилген. Бирок айрым кызматкерлер жана компаниянын акция ээлери бул ишке каршы чыккан.
2025-жылдын май айында бир Microsoft кызматкери компаниянын башкы директору Наделланын презентациясын үзгүлтүккө учуратып, нааразылык билдирген.
"Azure менен Израилдин согуш кылмыштарына кантип көмөктөшүп жатканыңызды көрсөтүңүз!",- деген ал.


