super.kg logo

Ачык-Суу айылында жаңы мектептин курулушу аяктап калды (фото)

 
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу айылында Бөкөнбаев атындагы жаңы заманбап мектептин курулуш иштери соңуна чыгып, 1-сентябрь күнү окуучуларга эшигин ачууга даяр болуп калды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Буга чейин мектептин курулуш иштери менен Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев жеринен таанышып, куруучуларга сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берген.
275 орунга ылайыкталган жаңы билим берүү мекемеси 1956 чарчы метр аянтты ээлейт жана үч блоктон турат. Мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залынан турат. Бул шарттар окуучуларга сапаттуу билим алып, ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Эске сала кетсек, буга чейин колдонулуп келген мектептин 1-корпусу 1978-жылы, ал эми 2-корпусу 1985-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөн имараттар авариялык абалга келип, окуу процессине кооптуу шарттарды түзүп жаткан. Жаңы мектептин курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, толук кандуу бүткөрүлдү.
Бул билим берүү объектиси алыскы Ачык-Суу айылынын жаштары үчүн заманбап шарттагы билим алууга жол ачат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: