super.kg logo

Чүйдө айылдык кеңештин депутаты кармалды (видео)

 

Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, сатуу фактыларына шектелип жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакта айыл чарба багытындагы айдоо жана жайыт жерлерге бир катар мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болуп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө жер тилкелери айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз документтер даярдалып, курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгени аныкталган.

Шектүү катары 59 жаштагы айылдык кеңештин депутаты Ш.И. жана 38 жаштагы мурдагы айылдык кеңештин депутаты А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы токтомуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курууга тыюу салынган.






07.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: