Бообек Ажикеев ӨКМ кызматкеринин кармалышы боюнча үн катты

Билдирүүдө Ажикеев мындай көрүнүш министрлик үчүн жат көрүнүш экенин айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлө турганын билдирди.
"Урматтуу мекендештер, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин бири кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Мындай көрүнүш министрлик үчүн өкүнүчтүү жат көрүнүш. Тилекке каршы беш кол тең эмес. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир жаран эгерде билими, тажрыйбасы жана кесиби талаптарга шайкеш келсе ӨКМге ачык эле келип, ишке орношо алат. Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз",- деди Ажикеев.
Ошондой эле ал ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей турганын белгилеп, мындай учурлар жалпы мекеменин аброюна шек келтирбеши керектигин баса белгиледи.
"Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзам үстөмдүгүн толугу менен колдойт жана бардык зарыл болгон жардамды тиешелүү тергөө органдарына көрсөтүүгө даяр",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы С.Ч.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, аталган министрликтин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган. Ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.