super.kg logo

Бишкекте пара берүүгө шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын тескөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 1-августта Бишкек шаарында KIA MORNING үлгүсүндөгү автоунаанын 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочусу транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн тиешелүү кызматкерлер тарабынан токтотулган. Ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына киргизилген.

Кийин айдоочунун таанышы ушул маселени чечүү максатында Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын башка кызматкерине пара сунуштаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 6-август күнү тескөөчүгө айдоочунун таанышы болгон 2001-жылы туулган Б.М.Т. аттуу чет өлкөлүк жаран 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Чет өлкөлүк жаран камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: