super.kg logo

Францияда 1949-жылдан берки эң ири токой өртү катталды

 

Франциянын түштүгүндө Корбьер аймагында 5-августта башталган масштабдуу токой өртү өлкөдө 1949-жылдан бери катталган эң чоң өрт деп бааланды. Бул тууралуу DW агенттиги маалымдады.

Өрт аз убакыттын ичинде жайылып, кеминде 15 миң гектар жерди каптады. Өрттөн ондогон үйлөр, унаалар жана чарба жайлары жабыркады. Сен-Лоран-де-ла-Кабрерис коммунасында күйгөн үйдөн бир адамдын сөөгү табылды. Мындан тышкары, дагы бир адам дайынсыз жоголгон. Бир нече жаран өмүрүнө коркунуч жараткан күйүктөрдү алган, ал эми жети өрт өчүрүүчү түтүндөн ууланган.

Өрт менен күрөшүүгө 1800дөн ашык өрт өчүрүүчү жана бардык жеткиликтүү авиациялык каражаттар тартылды. Эки лагерден жүздөгөн адамдар эвакуацияланды. Өрттүн чыгуу себеби такталууда, иликтөө иштери башталды.

Франциянын ички иштер министри Бруно Ретайонун айтымында, бул 1949-жылы 52 миң гектар жерди каптаган өрттөн кийин өлкөдөгү эң ири токой өртү болуп саналат.

Европада июн айынан бери уланып жаткан катуу ысык аба ырайынын шартында Франциядагы өрт кырдаалы абдан татаал бойдон калууда. Лангедок аймагында жана өлкөнүн башка аймактарында июнда температура +36 градустан ашкан. Бийликтин маалыматына караганда, быйылкы жай Европада экстремалдуу ысыктан улам 2000ден ашык адамдын өмүрүн алган.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: