super.kg logo

Иран: АКШ сүйлөшүү тууралуу кабар жөнөттү, жолугушуу кызыкчылыгыбызга жараша болот

 

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ тараптан сүйлөшүү сунушу түшкөнүн, бирок Тегеран азырынча бул маселе боюнча так чечим кабыл ала электигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"АКШ тараптан бизге айрым билдирүүлөр келди. Учурда алар бааланууда. Азырынча так чечим жок. Сүйлөшүүлөр өтөбү же жокпу - бул толугу менен биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз эмнени талап кыларына жараша болот",- деди ал Иран мамлекеттик телеканалына берген маегинде.

Аракчи бул билдирүүнү Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) өкүлдөрү Тегеранга келерден бир нече күн мурун жасады.

Министрдин айтымында, акыркы өзгөрүүлөрдү жана Иран парламентинин чечимин эске алганда Иран менен МАГАТЭнин ортосунда "жаңы доор" башталышы керек.

МАГАТЭ сапары маалында ирандык өзөктүк объекттерге баруу каралбаганын, сүйлөшүүлөр боюнча акыркы чечимди Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңеши кабыл аларын айтты. Тышкы иштер министрлиги болсо ошол кеңештин чечимин ишке ашыруучу орган болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: