super.kg logo

Илимпоздор чарчоо синдрому тууралуу изилдөө жүргүзүштү

 

Шотландиянын Эдинбург университетинин илимпоздору жаңы изилдөө жүргүзүп, чарчоо синдрому адамдын психологиялык көйгөйлөрүнө байланыштуу эмес, генге байланыштуу экенин далилдеди. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Профессор Крис Понтингдин айтымында, ар дайым чарчаңкы жүргөн 15 000 адамдын ДНКсы анализден өткөн. Бул багыттагы эң кеңири изилдөө болуп саналат.

Бул адамдардын иммундук жана нерв системи абдан алсыз, генден өткөн. Мындай адамдар эреже катары, мисалы, инфекция менен ооруп калганда, сасык тумоодон айыккандан кийин дагы көп убакыт бою алсыздыкты, баш ооруну жана чарчоону сезип жүрүшөт.

Понтинг кошумчалагандай, жалпысынан алганда чарчаңкы, энергиясы жок, эч нерсе жасабаса дагы чарчап, башы ооруп жүргөн адамдарды өнөкөт чарчоо синдрому бар адам деп атап коёт. Бул нерсени адам атайылап кылбайт, генден өтөт деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: