Касымалиев Жалал-Абадда мамлекет тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү көрүп чыкты



Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өкмөттөн билдиргендей, “Асман резиденс 2” деп аталган үй 5 блоктон турат жана анын ар бири 9 кабаттуу үй болуп анда 450 батир болот. Заманбап бардык ыңгайлуу шартты камтый турган турак жайдын курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады. Бул үчүн республикалык бюджеттен бүгүнкү күнгө карата 1,6 миллиард сом бөлүнгөн.
Ал эми, “Асман резиденс 3” турак жайы 1 блоктон турат, ал 9 кабат жана 135 батирлүү болот. Учурда сырткы көрүнүшү, ички жасалгалоосу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин 90 пайызы аяктаган. Бул турак жай үчүн учурга карата республикалык бюджеттен 400 миллион сом бөлүнгөн.
Анда Касымалиев мамлекет тарабынан салынып жаткан турак жайлар чыныгы үйгө муктаж жарандарга берилерин айтты.

