Суу үстүндөгү музейлери, өзгөчө азык-түлүктөрү менен саякатчыларды тарткан Марсель шаары (блог)
Жайдын акыркы айында жүрөгүңүз саякатты көксөп жатабы? Анда ыңгайлуу жайгашыңыз, порталыбыздын #Sayakattime рубрикасы менен бирге кызыктуу сапарга аттанабыз. Сапарыбыздын багыты - көп улуттуу шаар Марсель.
Марсель — Франциядагы калк саны боюнча Парижден кийинки экинчи ири шаар. Өлкөнүн башка шаарларына такыр окшошпойт. Ал Африка, Жакынкы Чыгыш жана Жер ортолук деңизи боюндагы өлкөлөр менен тыгыз байланышта. Ошондуктан бул жердеги базарларда түрк кебабдарынан тартып магребдик таттууларга чейин ар түрдүү даамдарды татса болот. Шаардын көчөлөрүндө француз тилинен башка арабча сүйлөмдөр угулуп, бул маданий ар түрдүүлүккө дагы бир боёк кошот.
Июль айынын ортосунда бул калаага жол тартып, деңиз жээгиндеги порт шаар менен биринчи жолу жакындан тааныштым. Шаарга келгенде эле замандын жаңы агымын сезүүгө болот. Tesla унааларынын көптүгү таң калтырды. Алар жеке муктаждыктар үчүн эле эмес, такси кызматы катары да кеңири колдонулат экен.
Дүкөндөрдө өзгөчө азык-түлүк түрлөрү көзүмө урунду. Кола кадимки эмес - алча, ваниль жана башка көптөгөн даамдар менен сатылат. Ал эми чипсы - бал, горчица жана кара карагат сыяктуу таптакыр күтүлбөгөн даамдар менен чыккан түрлөрү бар экен. Француздардын креативдүүлүгү жана табитке кылдат мамилеси бул жагынан да сезилди.
Базарларында жана сувенир саткан жерлеринде болсо самындын көптүгү таң калтырды. Көрсө, Марселде самын көп өндүрүлөт экен. Сатуучулар бул самындардын дүйнөгө "Савон де Марсель" деген аталышта таанымалдыгын айтышты жана ар бир самында дал ошондой жазууну байкадым. Ар түрдүү майлардан, көбүнчө зайтун майынан жасалган бул табигый самындардын жыты өзгөчө жагымдуу экен. Түстөрү да ар түрдүү болуп алыстан эле көзгө жагымдуу көрүнөт. Шаарга келген туристтер жакындарына жана өздөрүнө да сөзсүз алып кетишерин байкадым.
Саякатымды шаардын эң бийик жеринде жайгашкан Нотр-Дам-де-ла-Гард аттуу базиликасынан баштадым. Бул жерден Марсель алаканга салгандай көрүндү. Базилика калаанын дээрлик бардык жеринен көрүнүп турат экен. Бул жерде 360 градус панорама ачылат – шаар жана деңиз толугу менен көз алдыңда. Айланасында жөө басып сейилдөөгө болот. Ичиндеги деңиз тематикасына байланыштуу жасалгалар да өзгөчө.
Андан кийин Пале Лоншан сарайына бардым. Сарай 19-кылымда курулуптур. Бул жерде музейлер, кооз фонтан, асмандагы жылдыздарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн обсерватория жана бактар жайгашкан. Убагында Марселдин бардык райондоруна суу менен камсыз кылган жергиликтүү суу мунарасы болгондуктан, бул кооз жерди көбүнчө "Суунун сарайы" деп аташат экен.
Калаада 19-кылымда курулган көптөгөн имарат, музей, сарайлар бар экен. Алардын бири алыстан эле көзгө көрүнгөн кооз Сен-Мажор собору. Бул византия стилиндеги шаардагы ири чиркөөлөрдүн бири. Ичинде фрескалар, мозаикалар жана скульптуралар бар. Канча жыл, кылым алмашса да бузулбай, жакшы сакталганы мени таң калтырды.
Чак түштө Борели паркында бактардын көлөкөсүндө бир аз эс алдым. Паркта англиялык, француз, жапон жана Жер Ортолук деңиз бактары бар экен. Андан сырткары, декоративдик искусство музейи да жайгашыптыр.
Кийинки багытым шаардын маданий тармагына болду. Суу үстүнө курулган заманбап Европа жана Жер Ортолук деңиз цивилизацияларынын музейи 2013-жылы ачылыптыр. Бул жактан элдик маданият, искусство жана археология темаларында экспонаттар менен тааныштым.
Музейден чыгып деңиз жээгинде сейилдеп жөө басып баратып өзгөчө эстеликке көңүлүм бурулду. Жанына барып карасам эстеликте француз тилинде гана жазуулар бар экен. Атайын колдонмо аркылуу которуп окудум. Көрсө бул эстелик биринчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналыптыр.
Марселдин негизги көрүүчү жайларына эски порт да кирет. Убактымдын аз калганына карабай мен бул жерди сөзсүз көрүп кетүүнү туура көрдүм. Анткени бул порт 2600 жылдан ашык убакыттан бери иштейт, көп жылдык тарыхтын күбөсү. Учурда да балыкчылар таң атпай өз иштерин башташат. Бул жерде чын эле шаардын чыныгы "вайбын" сезүүгө болот экен.
Дал ушул жерден күндүн батышына суктанып, шаарга болгон саякатымды да жыйынтыктадым.
Марсель
