Кремль Путин менен Трамптын кийинки жумада жолугуша турганын тастыктады
Владимир Путин менен Дональд Трамптын жакынкы күндөрү жолугушат. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
"Америка тараптын сунушу менен жакын арада эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушууну, башкача айтканда, президент Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусун өткөрүү боюнча макулдашуу сүйлөшүлдү",- деди Ушаков.
Анын айтымында, тараптар саммиттин даярдыгын башташты, кийинки жума жолугушуу болушу мүмкүн. Бирок даярдык канча убакытка созула турганын айтуу кыйын. Жолугушуунун өтө турган жери макулдашылып, кийинчерээк жарыяланат.
6-августта Кремлде Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф ортосунда сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, The New York Times басылмасы Трамп алгач Орусиянын президенти менен жолугушууну каалап жатканын, андан кийин Владимир Путин менен Владимир Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушууну уюштурууну пландап жатканын билдирген.
