Тиктокто түз эфирде көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдурам деген бала каза болду (видео)

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурууга аракет кылган бразилиялык тиктокердин аракети өлүм менен аяктады. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады.
Маалыматка ылайык, түз эфир учурунда тикток колдонуучусу суудагы бочкага асылып кооптуу, кызыктуу видео жасайм деп ойлогон. Бирок ал бочканын ичине түшүп кеткен. Ал кайра чыга албай калган. Мунун баары түз эфирде көрсөтүлгөн.
"Бул трагедия айрымдар виртуалдык популярдуулукка, лайк, комментарий алуу үчүн канчалык алыска барууга даяр экенин билдирет. Жана дагы туура эмес экендигин дагы бир жолу эскертет. Популярдуулукка умтулуу менен адамдар эң негизги нерсени, өз жашоосунун маанилүүлүгүн унутуп коюшат. Лайк үчүн өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, сураныч"- деген комментарийлер жазылды интернет колдонуучулары тарабынан.
7.08
