super.kg logo

Саймалуу-Таштагы жүздөгөн петроглифтер виртуалдык реалдуулук үчүн санариптештирилди

 

Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркындагы уникалдуу петроглифтерди VR (виртуалдык реалдуулук) технологиясынын жардамы менен чагылдыруу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, демилге “Терра Паблик” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, жалпы суммасы 4 миллион сомду түздү.

Долбоордун алкагында петроглифтердин бөлүгү толук санарип форматта жеткиликтүү болуп, виртуалдык туризм жана маданий мурастарды сактоо мүмкүнчүлүгү артты. Учурда дагы төрт каталогду даярдоо иштери пландалууда. Бул багытта кошумча грант алуу процесси жүрүп жатат.

Бул долбоор маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жаатында приоритеттүү болуп эсептелет жана келечекте туристтик потенциалды жогорулатууга чоң салым кошот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: