Баткенде күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишкана ачылды





Баткен облусундагы Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында күрүчтү кайра иштетип, таңгактоочу ишкана ачылды. Ачылыш аземге айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Баткендеги өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев катышты.
Ишкер Алина Исакова жетектеген "Ак-Турпак Групп" ишканасы буга чейин улуттук ыкмада, кол эмгеги менен күрүчтү актоо жана таңгактоо жумуштарын жасап келген.
Учурда ишканага АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен облусун региондук экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя катары 15 миллион 600 миң сомдук заманбап жабдуулар жана техникалар алынган. Мындан сырткары, 2 миллион 500 миң сомду жеке ишкер өзү кошкон. Аталган жабдуу саатына 1 тонна 200 килограмм күрүчтү актайт.
Калдыксыз өндүрүш жасоо максатында ишкана күрүчтүн кебегинен косметикалык каражаттарды жана топонунан курулуш материалдарын жасоону колго алган.
Баткенде өндүрүлгөн күрүчтүн Ак турпак, Лазер, Девзире түрлөрүнө суроо талап жогору. Ишкана учурда таңгакталган күрүчүн ички рынокто Бишкектеги соода дүкөндөрүнө жана Орусия, Өзбекстан, Америка өлкөлөрүнө экспорттоп жеткирди.
Учурда ишканада 15ке жакын жумуш орун түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.