super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты (фото)

 
Бүгүн, 7-августта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчулүк билдирди.
Сапардын жүрүшүндө төрагага Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана облус башчысы жолдогу иштердин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Жалпысынан оңдолуп жаткан жол тилкесинин узундугу 34 чакырымды түзүп, ал үч бөлүккө бөлүнгөн. Долбоордун алкагында узундугу 31 жана 102 метрди түзгөн эки көпүрө да оңдолот. Иштерди бүтүрүү 2025-жылдын аягына чейин пландалган. Жалпы сметалык баасы – 2,2 миллиард сом.
Учурда жолдо тротуар куруу, асфальт-бетон төшөө, лоток орнотуу иштери жүрүүдө. Жалпысынан жумуштун 90-95 пайызы бүткөрүлгөн.
Касымалиев тиешелүү жетекчилерге иштердин ыргагын тездетип, сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, быйыл президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражат Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жана Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Ноокат – Кызыл-Кыя тилкесин оңдоого багытталган. Учурда бул жолдордо иштер кызуу жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: