Романтика уюштургусу келген жаран "Тез жардам" унаасын уурдап, жолугушууга айдап барды
Орусиянын Нижний Новгород шаарында мас абалындагы жаран "Тез жардам" унаасын жолугушууга айдап кетип калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"60 жаштагы жергиликтүү тургун "Тез жардам" кызматынын айдоочусу алаксып, ачкычын от алдыргычка калтырып кеткенин байкап, кырдаалдан пайдаланып, жолугушууга чакырган айымын укмуштуудай көрүнүшү менен таң калтырууну чечип, унааны уурдап кеткен. Бирок дарыгерлер милиция кызматкерлерине тез байланышып, аны жолдон кармашкан",- деп айтылат маалыматта.
Экспертизанын жыйынтыгында ал адам мас абалында болгон. Ага карата уурулук жана мас абалында унааны бир нече жолу айдоо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.
"Унаа жарандан конфискацияланып, ооруканага кайтарылды. Романтика уюштургусу келген жаран беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн",- деп айтылат билдирүүдө.
