Өлкө аймактарындагы мугалимдерге жалпысынан 27 миңден ашуун ноутбук жиберилди




Бүгүн, 7-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган “Алтын казык” ноутбуктарын министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Ноутбуктардын сапары байсалдуу болсун! Алар мугалимдерибиздин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенебиз”,- деди министр.
Министрлик кошумчалагандай, бул ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлгөн. Сыноо учурунда аныкталган кемчиликтер толугу менен жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программа бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.
Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.